Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 18.05.2018 11:02 На русском

М.Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Түркияга кетти

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн бүгүн, 18-майда Түркиянын Стамбул шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кеңешменин жүрүшүндө Газа секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюмуна 57 мамлекет мүчө. Кыргызстан уюмга 1992-жылдын 1-декабрынан тарта мүчө болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×