Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Япониялык чоң апанын үйүндө чоочун жигит 6 ай жашынып жашаган

Turmush -  Япониянын Хиого провинциясындагы Химэдзи шаарында 90 жаштагы карыянын үйүндө чоочун адам болжол менен 6 ай жашынып жашаган. Бул тууралуу «Сегодня» басылмасы SoraNews24 басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, 90 жаштагы карыянын баласы апасына түштү тамак жасап берүү үчүн үйүнө барган учурда аталган чоочун адамды кармап алган. Ал үйдүн 2-кабатынан кандайдыр бир дабыштарды угуп, жогору көтөрүлгөн. Үн чыккан тараптагы бөлмөгө кирип барганда төшөктө уктап жаткан 20 жаштагы бейтааныш жигитти көргөн. Карыянын баласы жаш жигитти ойготпостон, дароо полицияга билдирген.

Укук коргоочулар 20 жаштагы жигитти камакка алышкан, бирок ал эмне үчүн карыянын үйүндө жашагандыгын, жада калса ысымын да айтуудан баш тарткан. Полициянын бул окуя боюнча чыгарган кортундусуна караганда, бейтааныш адам чоң апанын үйүндө 2017-жылдын 12-декабрынан тартып жашаган. Үйдүн ээси 2-кабатка көп барбагандыктан, 20 жаштагы жигитке бир топ убакытка чейин жашынып жашоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1917
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×