Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 18.05.2018 13:40

Мекендештер: Кыргызстанда жөнөкөй арызды жаза албай, бирок диплом алгандар бар, - Германияда билим алып жаткан Дурусбек

Turmush -  Келечекте кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө салым кошууну көздөгөн Дурусбек Таалайбек уулу 2 жылдан бери Германиянын Дрезден шаарында немис тили боюнча билим алып жатат. Дурусбек тил үйрөнүү менен бирге ыктыярчылык менен алектенип жатканын, эки өлкөдөгү билим берүү системасынын айырмасы тууралуу айтып берди.

24 жаштагы Дурусбек Өзгөн районунда өсүп, 2016-жылы Ош шаарындагы жогорку окуу жайдын журналистика бөлүмүн аяктаган.

Turmush: Чет өлкөдө билим алуу кандай таасир калтырууда, кыйынчылыктар болдубу?

Дурус: Мен азыркы учурда Германиянын Дрезден шаарында окуп, немис тилин терең үйрөнүп жатам. Кыргызстанда жогорку окуу жайды аяктап, 2016-жылдын аяк ченинде келгем. Андан бери атайын кесипке багытталган тил мектебинде окуп жатам. Буйруса сентябрдан тарта социология боюнча билим алууну улантам. Өз өлкөбүздө жүрүп көп кыйынчылыктарды көрбөптүрбүз. Бул жакта көп эле кыйынчылыктар болду, бирок ансыз ийгиликке жетүү мүмкүн эмес.

Жаңы келгенде окуудан, тамак-аштан бир аз кыйналып жүрдүм. Немистер өтө так калк болушат экен. Алардын тактыгына көнүү дагы кыйынчылык жаратты. Бирок акырындык менен баарын жөндөп кеттик. Азыркы учурда көнүп калдым. Билимибизди улам жогорулатып, кызык маалыматтарга ээ болуп жатабыз. Мага элдин эркин жүргөнү, адамдарга жасалган шарттар абдан чоң таасир калтырды.

Turmush: Германиядагы билим берүүнүн сапаты, эки өлкөдөгү айырмачылыктар тууралуу айтсаңыз...

Дурус: Окуу, билим тармагында өтө көп айырмачылыктар бар. Чет өлкөдөн Кыргызстандагы билим берүү системасынын чабалдыгы ачык байкалат экен. Бул жактан көп ишти, өзгөчө документ иштерине өтө так болууну үйрөтөт. Биздин өлкөдө жөнөкөй арызды жаза албай, бирок жогорку окуу жайды аяктап, диплом алгандар бар. Бул бизде билим берүүнүн сапаты чабал экенин далилдеп турат. Димломдуу адамдар көп, бирок билимдүү адамдар аз. Келечекте биздин өлкөдө дагы мындай өнүгүүлөр болот деген ишенимдемин.

Ал эми Германияда билим берүү эң башкы жолго коюлган. Абдан жөнөкөй программалар, усулдук колдонмолор менен окутуп, студенттер менен окуучулардын жөндөмүнө жараша кесип тандатышат. Ошол себептенби кесипкөй адамдар көп экен.

Turmush: Күнүмдүк керектелүүчү каражат маселесин кантип чечип жатасыз?

Дурус: Мага Германиядагы жаштарды колдоо деген фонду абдан жакты. Ал фонд улутуна карабай жардамга муктаж жаштар үчүн кам көрөт жана колледждеги студенттерге шартына жараша жакшы стипендия төлөп берет. Эгер студенттин үй-бүлөсү аз камсыз болсо ага жатакана дагы бекер болот.

Мага дагы абдан жакшы колдоолор болду. Окуубузда дагы чет өлкөдөн келген студенттерге абдан жакшы көңүл бурушат. Кыргызстандан келген студенттер аракетчил болушат деп айтышат. Жалпысынан бул жакта жашоо жеңил.

Мен сабактан сырткары карылар үйүндө ыктыярчы болуп да иштейм. Ал жерде кары адамдарга тамак таратканым үчүн айына 400 еврого чейин төлөп беришет. Ошол акча жашоо тиричилигиме жетип жатат.

Turmush: Келечекте кыргыз эли үчүн тажрыйба бөлүшүү пландарыңыз барбы?

Дурус: Бул менин эң башкы максатым десем болот. Чет өлкөдөн билим алып, андан соң өз өлкөмдө иштесем деген ниеттемин. Кесибим журналист болгондуктан журналистика тармагына өз тажрыйбамды жумшайын деп жүрөм. Биздин өлкөдө сөз эркиндиги өнүгүү жолунда. Мындан дагы өнүктүрүү керек.

Азыр Европа өлкөлөрүнүн тарыхы, дини, маданияты тууралуу маалыматтарды да топтоп, журналистика боюнча тажрыйба алып жатам. Европа өлкөлөрүндө сөз эркиндиги жакшы өнүгүптүр. Андай өлкөлөрдө өнүгүү темпи жакшы экенин да билебиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×