Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 18.05.2018 15:45

Дубайга иштегени барган кыргызстандык жаран психиатриялык ооруканага түшкөн

Turmush -  Дубайга иштегени барып, психиатриялык ооруканага жатып калган кыргызстандык жаранга компенсация төлөнүп берилди.

Акыйкатчы институту тараткан маалымат боюнча, 2016-жылы акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атына И.Г. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, анын небереси «Жи-Тревел» фирмасы аркылуу Дубайга иштегени кетип, оор абалда психиатриялык ооруканага жатып калган. Ал аталган өлкөгө кеткенге чейин психикалык жана физикалык жактан ден соолугунан жабыркаган эмес.

Аталган арыз боюнча Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкерлери Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз иш алып барып, жыйынтыгында «Жи-Тревел» фирмасы жабыр тарткан тарапка компенсация төлөп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×