Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Фото - Түркиядагы эл аралык сынакта «Дүйнөнүн кичинекей сулуусу» аталган 7 жаштагы Алиянын ийгилиги

Turmush -  Кыргызстандык 7 жаштагы Алия Тынчтыкбекова Түркияда өткөн «Кичинекей сулуулар» («Мини-Мисс, Мистер мира») эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду.

«Сулуулук жана мода дүйнөлүк лигасы» уюмунун Борбор Азиядагы вице-президенти Айжамал Осмонова билдиргендей, сынак 6-16-май күндөрү Бодрум шаарында өткөн. Анын айтымында, Алия эки наамды багындырып, «Дүйнөнүн кичинекей сулуусу» жана «Жылдыздуу сулуу» аталды.

А.Осмонова 10 күндүн аралыгында катышуучулар хореография жана салтанат менен басууну үйрөнүшкөнүн белгиледи. Алар финалдык бөлүктө кече көйнөктөрүн, улуттук образды, ошондой эле бий өнөрүн тартуулашты. «Таланттар сынагында биздин катышуучу гимнастикалык элементтер менен заманбап бий бийледи. Ал эми видео аркылуу тааныштыруу сынагында Кыргызстан тууралуу тасма көрсөттү», - деди ал.

Аталган эл аралык сынакка Кыргызстандан тышкары Түркия, Казакстан, Моңголия, Украина, Түштүк Африка, Черногория, Израил мамлекеттеринин жаш таланттары катышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3329
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×