Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Кыргызстан Газа секторундагы көп адамдардын өлүмүнө тынчсызданууда, - өкмөт башчы

Turmush -  Кыргызстан абалдын кескин курчуп жана Газа секторундагы протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болушканына байланыштуу өтө тынчсызданып жаткандыгын билдирет. Бул тууралуу кечээ, 18-майда премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Стамбул шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Уюмдун делегацияларынын башчыларын жана жыйындын катышуучуларын Премьер-министр Рамазан айынын башталышы менен куттуктады.

Өкмөт башчы ошондой эле 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардын натыйжасында болгон көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Палестина элине терең көңүл айтты.

«Бүгүнкү биздин жолугушуубуз бардык эл аралык жамаат, анын ичинде мусулман дүйнөсү үчүн жөнөкөй эмес мезгилде өтүп жатат. Ушул шарттарда биздин уюмубуздун саммитинин шашылыш жыйынын өткөрүү логикалуу жана өз учурунда болуп жатат», - деди Абылгазиев.

Анын айтымында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы резолюциясын БУУнун мүчө өлкөлөрү көпчүлүк добуш менен кабыл алганына карабастан АКШнын Элчилигинин Аль-Кудс (Иерусалим) шаарына которулушу Палестина-Израиль жаңжалын тынчтык менен жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун күч-аракетин жокко чыгарып салды жана кырдаалды татаалдаштырды.

«Биз бул окуяларга катышы бар баардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн адам курмандыктарын болтурбоо максатында өтө сабырдуу болууга чакырабыз», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Палестина-Израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилерине терең ишеним билдирип, мында БУУ өзүнүн таасирдүү жана чечүүчү ролун ойноого тийиш экендигин айтты.

Өкмөт башчы Кыргызстан Ислам шериктештик уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту биргелешип чыңдоого үндөгөн чакырыктарын толугу менен колдой турганын белгиледи.

«Кыргызстан Палестинанын эли өзүнүн зомбулуктан жана согуштан алыс татыктуу жашоого болгон укугун жакын арада ишке ашырат жана БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуучу эгемендүү мамлекетин курат деп бекем ишенебиз», - деди Абылгазиев.

Премьер-министр ушул жолугушуу Аль-Кудс шаарынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда, ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташтыкты чыңдоодо алдыга карай дагы бир кадам болуп калат деп ишеним билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1862
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×