Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 23.05.2018 11:09 На русском

Түркмөнстанда адамдардын үйлөрүнө кирип, ажатканаларда президенттин сүрөтү бар гезиттердин болбошун текшерип жатышат

Turmush -  Түркмөнстандын Балкан аймагындагы Гумдаг айылында полиция кызматкерлери адамдардын үйлөрүнө кирип, президенттин сүрөттөрү бар гезиттердин «туура эмес» багытта пайдаланышын текшерип жатышат. Бул тууралуу «Альтернативные новости Туркменистана» маалымдады.

Маалыматка караганда, Түркмөнстанда адамдарды иштеген жеринен бир нече гезитке милдеттүү түрдө каттатып, алар чыккан сайын жаңы санын алууга мажбурлашат. Андан кийин гезиттер үйлөрдө ажатканаларда пайдаланылган учурлар болот. Гезиттерде болсо президенттин аз дегенде 2-3 сүрөттөрү чыгат. Майрам күндөрү андан да көп болот.

Рейд ажатканаларды эле текшерүү менен бүтүп калбайт. Полиция жетекчилиги коммуналдык чарба кызматкерлерин президенттин сүрөттөрү чыккан гезиттерди таштандылардын арасынан да издөөгө милдеттендирди. Эгер андай гезиттер табылып калса алар органдарга кабар бериши керек. Бул үчүн ар бир кварталдагы таштанды таштоочу жайларга персоналдуу текшерүүчүлөр дайындалды. Гезит таштагандарды табуу да оңой эле. Себеби ар бир гезитке катталуучунун үйүнүн номуру жазылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×