Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 30.05.2018 16:29 На русском

Белоруссияда президенттин жардамчысы 200 миң доллар пара алып жатканда кармалды

Turmush -  Белоруссиянын Коопсуздук комитети өлкөнүн президентинин жардамчысы — Гродненск облусуну боюнча испектор Сергей Ровнейкону 200 миң доллар пара алып жатканда кармады. Бул маалыматты бүгүн, 30-майда аталган өлкөнүн Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда, буга чейин Сергей Ровнейконун пара алып жүргөнү тууралуу фактылар бир нече жолу белгилүү болгон. Ал кезектеги параны алып жаткан учурда колго түшүрүлүп, Беларусь Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 430-берененин (ири өлчөмдө пара алуу) негизинде кылмыш иш козголду.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берип жатат. Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Аталган чиновник Александр Лукашенконун жардамчысы кызматына 2015-жылдын 25-июнунда дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×