Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баракелде, Дүйнө 01.06.2018 10:48 На русском

Видео — «Карышкыр» каймана аттуу Мурсалым Умырзаков «мыйзамдагы ууру» макамынан баш тартты

Turmush -  Россиялык «Прайм-Крайм» интернет басылмасы кыргызстандык «мыйзамдагы ууру» Мурсалым Умырзаков криминалдык макамынан баш тартуу жөнүндөгү катка кол койгондугун кабарлады.

Тасмада «Карышкыр» каймана аттуу М.Умырзаковго эгер ал кагазга кол койсо мындан ары укук коргоо кызматкерлерине «кызыксыз» болорун, жөн гана жаран катары караларын түшүндүрүшкөн. Жыйынтыгында М.Умырзаков катка кол коюп берген.

Тасмада бул окуя 2017-жылдын 10-январында тартылганы көрүнүп, М.Умырзаков жазасын Россиянын Архангельск облусунда өтөп жатканы айтылат.

Кыргызстандык укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Умырзаков Мурсалым Узакович 1975-жылы 6-майда Ысык-Көл облусунун Сары-Тологой айылында төрөлгөн. «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Мурда бир нече жолу соттолгон. Ал 2015-жылы Бишкектен Москвага учуп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×