Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Санкт-Петербургда кыргызстандык эки жигитти бычактап кетишти

Turmush -  Санкт-Петербург шаарынын Колпинск районунун Понтонный айылында белгисиз адамдар кыргызстандык эки жаранга бычак менен кол салды. Окуя 31-майда болгонун Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тез жардам кызматы Колпино шаарындагы №33 ооруканага Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Сеңир айылынын 1998-жылы туулган тургуну Д.К.ны жана Таш-Көмүр шаарынын 1990-жылы туулган тургуну М.Н.ны жеткирген. Элчиликтин кызматкерлери ооруканага барып, дарыгерлер менен жолугушту.

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучу М.А.нын абалы канааттандырарлык болгондуктан 4-июнь күнү үйүнө жөнөтүлгөн. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан экинчи жабырлануучу Д.К.нын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

Бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, бир нече шектүү кармалды. Ошондой эле жабырлануучулардын бири өз көрсөтмөсүн берип жатат.

«Элчиликтин канцеляриясы аталган факты боюнча Колпинск району боюнча ички иштер башкармалыгына жана Колпино шаарындагы №33 оорукананын башкы дарыгеринин атына расмий сурап-билүү жөнөттү. Жабырлануучулардын жакындары менен байланыш түзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1562
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×