Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баракелде, Дүйнө 06.06.2018 11:46 На русском

Казак-кыргыз чек арасында 1,2 млн доллар пара жыйнаган чиновник кармалды

Turmush -  Казакстанда мамлекеттик кирешелер департаментинин жетекчисинин орун басары Нуржан Тенлибаев камакка алынды. Өлкөнүн мамлекеттик кызмат жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматы боюнча, ал өзүнө баш ийген 4 бажы постунун жетекчилерин уюштуруп, ишкерлерден жашыруун акча алган кылмыштуу системаны түзүүгө айыпталып жатат.

Ал мындай жол менен 2017-2018-жылдары 1,2 млн доллар киреше тапкан.

-----------------------------------------------------------------------------------------

Жакында эле кыргызстандык атка минердин «хан сарайы» текшерилген болчу.

Мамлекеттик Бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевге 27-майда айып тагылган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу чечими чыгарылган.

25-майдагы ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү Н.Айбашевди кармап, Бишкек ШИИБдин убактылуу тергөө абагына камакка алынган болчу.

Н.Айбашев «Түндүк» темир жол бажысынын башчысы кызматын 2016-жылдын 21-апрелинен тарта аркалап келген. Жакында ал кызматынан бошотулган эле.

Нурбек Айбашевдин «хан сарайы»:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×