Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 07.06.2018 22:33 Жаңыланды: 08.06.2018 10:56

Мекендештер: Москвада жердештерин бириктирип, айылдагы көйгөйлөрдү чечкен мигрант (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кенжекул айылынын 31 жаштагы тургуну Сыдык Исиров 10 жылдан бери Москвада эмгектенип келет. Мекенинен алыста экенине карабай, айылдаштарынын башын бириктирип, айылындагы жол, таза суу, түнкү жарыктандыруу сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууда.

Сыдык мырзанын айтымында, Москвада дагы кыргыздын улуттук кийимдерин, каада-салтын даңазалоо аракеттерин көрүшөт. Жердештер өздүк фондун түзүп, кыйналган жарандарга жардам колун да сунушат.

«Москвада 600 миңге жакын кыргыз бар деп угуп жүрөм. Бул жакта жакшы иштеп, кафе, тойканаларды ачып, сулуулук салон, медициналык борборлорду ачкан жердештерибиз дагы бар. Мындан сырткары жердештердин облустук, райондук, айылдык деңгээлдеги уюмдары, коомдору түзүлгөн. Биз дагы "Кенжекул жаштары" коомун түзгөнбүз. Коомубузга айылдагы тургундар мүчө болушкан. Биз өздүк салым катары каражат топтоп, айылдагы жердештерибизди да биригүүгө чакырып, айылдагы айрым көйгөйлөрдү чечүүгө жfрдам берип келебиз. Жол, таза суу, түнкү жарык, таштанды тазалоо сыяктуу иш-аракеттерди ашар жолунда болсо дагы бүткөрүүгө салым коштук.

Мындан сырткары Москвадагы мекендештер улуттар арасында өткөн фестивалдарда кыргыздын улуттук кийимдерин кийип, сармерден уюштуруп, комузда кол ойноткон кыздарыбыз башкаларды таң калтырып жүрөт», - деди ал.

Сыдык Исиров 10 жыл аралыгында Москвада бир топ тармактарда эмгектенди. Учурда айдоочунун милдетин аткарып жатат.

«Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайдан инженер-эколог адистигине ээ болгом. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Москва шаарына иштегени келгем. Алгач эл катары курулушта иштеп, ашпозчу, сатуучу болуп жүрдүм. Учурда айдоочу болуп эмгектенем. Таксист болуунун жакшы жагы бар, сени көзөмөлдөгөн жетекчиң болбойт, өзүңдү-өзүң көзөмөлдөйсүң», - деди мекендешибиз.

Анын пикиринде, кыргыздар башка улуттарга салыштырмалуу тилди бат өздөштүрөт.

«Кыргыздар мээнеткеч келебиз. Алгач пол жууп, тазалоо иштерин жасашса, 2-3 айдан кийин менеджер болуп калган кыздарыбыз дагы бар. Биз башка улуттарга салыштырмалуу тилди бат өздөштүрөбүз. Мени мекендештерибиздин айрымдары иштөө үчүн келээрде документтерин толук тактап албагандыгы, кырсыктап калган учурда медициналык жардамды кайдан, канча суммада алуу мүмкүнчүлүгүн билбегендиги, Россия Федерациясында талап болгон кесиптерди өздөштүрбөй, мектепти бүтөрү менен келгени өкүндүрөт. Эгер бир кесиптин ээ болуп келсе жумушка орношууда кыйынчылыктар азыраак болот», - дейт С.Исиров.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×