Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 07.06.2018 15:07 На русском

Сузактык Нуржигит Москвада жумуш учурунда 4-кабаттан кулап түшүп, төшөктө жатат (фото)

Turmush -  2018-жылдын башында Россиянын Москва шаарына эмгектенүү үчүн барган Нуржигит Бердикул уулу 17-майда 4-кабаттан кулап, оор жаракат алган. Анын башы жарылып, бели жана жамбашы сынып, төшөктө жатып калды.

Нуржигит азыркы учурда дарыланууга муктаж. Ал Москвадагы Н.В.Склифосовский оруканасында дарыланып, үйгө чыгарылды. Жубайы Айлира Осмонованын айтымында, Нуржигиттин басып кетиши күмөн.

«Нуржигит 14 күн ооруканада жатты. Ооруканада 14 күндөн ашык кармоого мүмкүн эмес экенин айтып чыгарып коюшту. 3-кабаттан кулаганда башы жарылып, бели, жамбашы, буттары көп жеринен сынган. Учурда үйдө жатат. Анын бели, жамбашы толук айыгышы күмөн жаратууда. Үйдө даралынууга аргасыз болуп жатат», - деди жубайы А.Осмонова.

Ал эми Нуржигит эмгектенип жаткан курулуш компания тарабынан эч кандай жардам боло элек.

«Жолдошум жакында эле иштей баштаган. Мен баламды карап үйдө отурам. Бир балабыз өзүбүздө, 2 балабыз Кыргызстанда. Нуржигит курулушта иштеп жатып кулап кеткенде жанында чогуу иштегендер көрүптүр. Кийин тез жардам чакыртылып, бирок кырсык болгон аймакты жашырып коюшкан. Полициядан коркушкан окшойт. Курулуш компаниясы азыркы учурда бизге жардам бербей жатат.

Төшөктө канча жатары белгисиз. Ооруканада жатса тезирээк айыгат беле... Бизге дарыланууга каражат керек. Ооруканага жаткырып дарылатуу зарыл. Элчиликтен да жардам болгон жок», - деди Айлира Осмонова.

Нуржигит Бердикул уулу Жалал-Абаддын Сузак районунан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×