Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 08.06.2018 13:35 На русском

Азия чемпионатында кыздар арасында алтын тагынган боксчу эркек болуп чыкты

Turmush -  Азия чемпионатынын финалында казакстандык Еркежан Даулетжан кызын жеңип алган атаандашы эркек болуп чыкты.

Altaynews.kz басылмасынын маалыматы боюнча, Тайландда 2018-жылдын апрель айында өткөн мелдештин финалдык турунда Еркежан Даулетжан кызы жеңишти вьетнамдык «кызга» алдырып жиберген. Ал эми машыктыруучу Арман Тыныбаевдин айтымында, беттеш учурунда вьетнамдык атаандаштын жүрүм-туруму, үнү эркек кишиге окшошуп турган.

Ал мелдеш аяктагандан кийин Эл аралык бокс ассоциациясы «спортчу кыздан» текшерүүдөн өтүүнү талап кылып, бирок анын эркек экени ага жетпей эле ачыкка чыккан. Эми Казакстандын бокс федерациясы Азиянын бокс федерациясына алтын медалды Е.Даулетжан кызына өткөрүп берип, ага Аргентинада өтө турган өспүрүмдөрдүн III жайкы олимпиадасына катышууга жолдомо берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушун бериши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×