Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча вице-премьерлер Тажикстанда жолугушат

Turmush -  Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жолугушту. Жолугушуу бүгүн, 9-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Э.Рахмон С.Жээнбековду Кытай Эл Республикасына уюштурулган мамлекеттик иш сапардын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

«Сиздин Тажикстанга расмий визитиңиздин учурунда биздин жолугушуубуздан кийин бардык багыттар боюнча, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө да эки тараптуу мамилелердин жакшыруу тенденциясы байкалат», - деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Сооронбай Жээнбеков да эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө кубанычтуу экенин белгиледи.

«Кыргыз тарап Тажикстан менен болгон жакшы кошуналык, достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерине өзгөчө маани берет. Биз кыргыз-тажик мамилелеринин бардык спектрлери боюнча ачык жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө ар дайым даярбыз», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эки мамлекеттин башчылары ШКУ саммитинин алкагында жолугушуулардын маанилүү экенин, бул эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана эл аралык күн тартибиндеги олуттуу маселелерди талкуулоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүк берерин белгилешти. Тараптар региондогу кырдаал боюнча пикир алмашып, терроризм менен экстремизмге каршы жалпы күчтөрдү күчөтүү зарылдыгын да белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жөнүндө жалпы пикир билдирген. Жолугушууда белгиленгендей, эки өлкөнүн чек ара маселеси боюнча вице-премьерлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду 2018-жылдын 20-июнунда Душанбе шаарында болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 707
Көп окулду
×