Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны аяктап, Циндао декларациясына кол коюлду (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 10-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жыйынтыкталып, бир катар документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы кол коюлган документтердин тизмесин жарыялады:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Циндао декларациясы;

  2. ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу тууралуу макулдашуусунун жоболорун аткаруунун 2018-2022-жылдарга карата иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  3. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу кызматташтыгынын 2019-2021-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  4. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга карата баңгизаттарга каршы стратегиясын жана аны аткаруу аракеттери жөнүндө программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  5. Шанхай кызматташтык уюмунун психотроптук жана баңгизаттарын ашыкча колдонуунун алдын алуу боюнча концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  6. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу программасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  7. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  8. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусунун жоболорунун аткарылышы боюнча аракеттер программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  9. Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасында Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын баяндамасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  10. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү туурасында докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  11. Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими (2018-2022-жылдардагы);

  12. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы туурасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  13. Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин чечими;

  14. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусу (кол коюусуз кабыл алынат);

  15. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эпидемия коркунучтарына биргеликте каршы туруу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат);

  16. Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат);

  17. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы туурасында маалыматтык билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономика жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин ортосунда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кичи, чакан жана орто ишкердик тармагында стимул берүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда озон катмарын бузган заттарды трансчекаралык ташуулар жөнүндө маалымат алмашуусу тууралуу меморандум;

  3. CENcomm RILO-МОСКВА оперативдүү каналы платформасын колдонуу менен ишке ашырып жаткан байланыш пункттарынын күнү-түнү өз ара маалыматтык көмөктөшүү регламенти;

  4. 2019-2020-жылдары туризм тармагында кызматташуу боюнча программаны ишке ашыруу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешип аракеттенүү планы;

  5. Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (2018-2022-жылдар).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1144
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×