Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баракелде, Дүйнө 11.06.2018 13:23 На русском

Дубайда 12 миңден ашык жумушчу катышкан ооз ачуу Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Turmush -  Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында ыйык Рамазан айында эң масштабдуу ооз ачыруу иш-чарасы (ифтар) уюштурулду. Бул иш-чара Гиннесстин рекорддор китебине киргизилгенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, иш-чарада 6 чакырымга созулган столго дасторкон жайылган. Ооз ачтыруу иш-чарасы Дубайдын полициясы тарабынан уюштурулуп, ага Индия, Шри-Ланка, Пакистан, Кытай, Филлипин жана башка Азия өлкөлөрүнөн келген 12 830 жумушчу катышты.

Жумушчуларга берилген тамак-аштарды 35 ресторан жана мамлекеттик түзүмдөрдө иштеген 500 кызматкер даярдады. Иш-чарага даярдануу жалпы 200 саатты талап кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×