Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 15.06.2018 13:55 На русском

Өзбек башчысы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка уулу жана небереси менен чогуу барган

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев уулу жана небереси менен Москва шаарына Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына баргандыгын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, чемпионатка Шавкат Мирзиёев Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барган.

Шавкат Мирзиёевди уулу жана небереси менен «Внуково-2» эл аралык аэропортунан Дүйнөлүк чемпионаттын расмий талисманы Забивака аттуу карышкыр тосуп алды. Өзбек башчысы чемпионаттын тобуна кол тамга калтырып, андан соң алар карышкыр менен чогуу сүрөткө түшүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×