Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Фото, видео - Кыргызстандык таксист Москвада футбол фанаттары жайгашкан райондо 8 адамды жарадар кылды

Turmush -  Москва шаарында Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан аймактагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалды. Окуя 16-июнда кечинде болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, таксист тротуарга чыгып кетип, адамдарды сүзгөндөн кийин качып кетүүгө аракет кылган. Аны күбөлөр кармап калышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын арасында мексикалык 2 кыз, Россиянын, Азербайжандын жана Украинанын жарандары бар.

Москва шаарындагы жол кырсык

Москва шаарындагы жол кырсык (1)

Чыңгыз Анарбек уулу

Москванын жолдогу кыймылды уюштуруу борбору айдоочу – 28 жаштагы Чынгыз Анарбек уулу Кочкор-Атадан экенин жана айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынан берилгенин маалымдады. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Айдоочу таксомотордук «Чекпоинт» фирмасында эмгектенип, окуя учурунда «Яндекс-такси» брендиндеги унааны башкарып бара жаткан. Текшерүүдө анын организминен алкоголдук ичимдик табылган эмес. Учурда тактоо, териштирүү иштери улантылып жатат.

Кыргызстандык таксист көрсөтмөсүндө ошол күнү 20 саат бою уктабай унаа башкарганын жана тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Өзүнүн айтымында, айдоочулук күбөлүктү 5 жыл мурун алып, 2 жылдан бери унаа башкарып жүргөн. Ал эми Россияда таксист катары эмгектенип жатканына 1 ай гана болгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен АКИpress агенттигине кыргызстандык айдоочунун катышуусундагы жол кырсык боюнча тиешелүү иштер аткарылып жатканын маалымдашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7710
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×