Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 17.06.2018 14:16 На русском

Москвада 8 адамды жарадар кылган кыргызстандык таксист буга чейин кылмышка тартылган эмес, 2 кызы бар

Turmush -  Москва шаарында Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан райондогу жол кырсыкка шектелип кармалган Анарбек уулу Чыңгыз 1990-жылы Жалал-Абаддагы Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Ал буга чейин эч кандай кылмыш жоопкерчиликке тартылган эмес, деп билдирди Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы.

Ошондой эле өзү көрсөтмөдө спирт ичимдигин ичпей турганын айткан.

Ч.Анарбек уулу Кош-Дөбө айыл аймагынын Семет айылындагы Ш.Тойматов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. Бишкек шаарына 2003-жылы үй-бүлөсү менен көчүп кетип, 2013-жылы аксылык кызга үйлөнгөн. Учурда 2 кызы бар.

«Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Атадан алган. Жакын туугандарынын көпчүлүгү Бишкекте жашайт. Аялы да Россия Федерациясында, ал эми 2 кызы чоң атасы менен чоң энесинин колунда. Алар Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жашайт. Ч.Анарбек уулу буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында издөөдө болгон жок жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Кошумча тактоо иштери жүрүп жатат», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

------------------------------------------------------------------

Москва шаарында Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан аймактагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалган. Окуя 16-июнда кечинде болду.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, таксист тротуарга чыгып кетип, адамдарды сүзгөндөн кийин качып кетүүгө аракет кылган. Аны күбөлөр кармап калышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандардын арасында мексикалык 2 кыз, Россиянын, Азербайжандын жана Украинанын жарандары бар.

Москва шаарындагы жол кырсык (1)

Чыңгыз Анарбек уулу

Москванын жолдогу кыймылды уюштуруу борбору айдоочу – 28 жаштагы Чынгыз Анарбек уулу Кочкор-Атадан экенин жана айдоочулук күбөлүгү Кыргыз Республикасынан берилгенин маалымдады. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Айдоочу таксомотордук «Чекпоинт» фирмасында эмгектенип, окуя учурунда «Яндекс-такси» брендиндеги унааны башкарып бара жаткан. Текшерүүдө анын организминен алкоголдук ичимдик табылган эмес. Учурда тактоо, териштирүү иштери улантылып жатат.

Кыргызстандык таксист көрсөтмөсүндө ошол күнү 20 саат бою уктабай унаа башкарганын жана тормоздун ордуна газды басып алганын айткан. Өзүнүн айтымында, айдоочулук күбөлүктү 5 жыл мурун алып, 2 жылдан бери унаа башкарып жүргөн. Ал эми Россияда таксист катары эмгектенип жатканына 1 ай гана болгон.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен АКИpress агенттигине кыргызстандык айдоочунун катышуусундагы жол кырсык боюнча тиешелүү иштер аткарылып жатканын маалымдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×