Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Өзбекстанда ымыркайларды саткан жеке төрөткананын башкы дарыгери 13 жылга кесилди

Turmush -  Өзбекстандын Самарканд шаарында жеке төрөт үйлөрүнүн биринде ара төрөлгөн ымыркайларды сатып, ал эми сатууга жарабагандарын өлтүрүшкөн. Бул тууралуу uznews.uz басылмасы жазып чыкты.

«Хукук» гезитинин 14-июндагы санына жарыяланган маалыматка караганда, аталган шаарда мыйзамсыз бойдон алуу жана ымыркайларды сатуу менен алек болгон жеке клиника табылган. Аны башкы дарыгер Нигора Солихонова жетектеген.

Клиниканын жетекчилиги кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуунун жыйынтыгында тирүү төрөлгөн ымыркайларды жасалма документтер менен балага муктаж үй-бүлөлөргө 500 доллардан баштап 2000 долларга чейин саткан. Ал эми сатылбаган ымыркайлардын денесин медициналык калдыктард өрттөлгөн мешке жагышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө мешке өрттөлгөн бир нече ымыркай табылган.

Бул факты боюнча облустук прокуратура Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги бир нече берене менен кылмыш иш козгогон.

Ушул жылдын февраль айынын аягында Самарканд облустук сотунун имаратында аталган кылмыш иш боюнча клиниканын жетекчилигине жана медициналык кызматкерлерге өкүм чыккан. Анда жеке клиниканын башкы дарыгери Нигора Салиханова 13 жыл жана 2 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле төрөткананын бир нече кызматкери да эркинен ажыратуу менен жазаланган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1710
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×