Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Кыргызстандык мигрант Москва шаарында 3-кабаттан кулап кетти (фото)

Turmush -  Кыргызстандык мигрант Каныбек Алимжанов Москва шаарында 3-кабаттан кулап кетип, оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу кырсыкка кабылган жаранга акчалай жардам берүүнү демилгелеген Багыт Бапанов маалымдады.

Жабырлануучу Кара-Суу районунун Савай айылынын 1973-жылы туулган тургуну, 3 баланын атасы. Маалым болгондой, ал ширетүүчү болуп иштеп жүргөн. 6-июндагы кырсыктын кесепетинен К.Алимжановдун эки бел омурткасы сынып, буттары кыймылдабай жатат. Анын баш сөөгү да жабыркаган.

Учурда бул окуяны элчиликтин юристи көзөмөлдөп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2670
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×