Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Москвада жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргыз таксист 2 айга камалды, бирок жактоочулар макул эмес

Turmush -  Москва шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу 16-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди 18-июнда Москванын Таган райондук соту кабыл алды.

Ч.Анарбек уулуна карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 264-берененин 1-бөлүмү (жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен кылмыш иш козголгон.

Соттун бул чечимин өзгөртүү сунушу бериле турганын Чыңгыздын жактоочусу Павел Березин жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген. Алар кыргызстандык таксисттин буга чейинки үлгүлүү жүрүм-турумун жана соттолбогонун белгилешти.

-------------------------------------------------------------------------

16-июнда кечке маал Москва шаарында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын күйөрмандары жайгашкан аймактагы жол кырсыктан 8 адам жабыркап, шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалган. Дарыгерлер жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык экенин жана айрымдары үйүнө чыгарылганын билдиришти.

Чыңгыз Анарбек уулу

Москва шаарындагы жол кырсык

Айдоочу таксомотордук «Чекпоинт» фирмасында эмгектенип, окуя учурунда «Яндекс-такси» брендиндеги унааны башкарып бара жаткан. Текшерүүдө анын организминен алкоголдук ичимдик табылган эмес. Өзү көрсөтмөдө спирт ичимдигин ичпей турганын айткан.

Кыргызстандык таксист көрсөтмөсүндө ошол күнү 20 саат бою уктабай унаа башкарганын жана тормоздун ордуна газды басып алганын айтты. Ал жалпы жабырлануучулардан кечирим сураган. Өзүнүн айтымында, айдоочулук күбөлүктү 5 жыл мурун алып, 2 жылдан бери унаа башкарып жүргөн. Ал эми Россияда таксист катары эмгектенип жатканына 1 ай гана болгон.

Чыңгыз 2017-жылы Россиянын Сочи шаарында өткөн панкратион боюнча дүйнөлүк чемпионатта (27-29-октябрь) 66 кг салмактагылар арасында коло медаль тагынга болчу.

Чыңгыз Анарбек уулу
Мекендештерден жардам

Чыңгыз Анарбек уулу кырсыкка кабылгандан кийин аны колдоп, жардам берүүгө үндөгөндөр көбөйдү. Учурда ал үчүн атайын ачылган эсепте каражат чогултулуп жатат.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын «Кыргыз биримдиги коому» уюмунунун төрагасынын орун басары Улан Кошматовдун айтымында, спорт менен машыгып, ийгиликтерге жетишип жүргөн Чыңгыз буга чейин ашпозчу болуп иштеген. Акыркы айда таксист болуп эмгектенип жаткан.

«Чыңгызды колдоо максатында Москвадагы мекендештер акча каражат чогултуп жатабыз. Чыңгыз кыргыздын сыймыктуу уулу. Ал тынымсыз спорт менен машыгып келген. Бул кырсык. Таксиде иштеген адам көп убакыт уктабай жүрүп калат экен. Рулда уктап кетип, ушул кырсыкка кабылып отурат. Таксиде унаа үчүн 1500-2000 рублга чейин ижара төлөйт. Мындан сырткары бала-чакасын багуу үчүн дагы акча керек болот. Ошол себептен аз уктап, көбүрөөк иштеп жаткан экен», - деди У.Кошматов.

Ошондой эле Чыңгызга Кыргызстандан да жардам иретинде акча чогултулуп жатканын активисттердин бири Акбалык Жумалиева билдирди.

«Бул окуядан соң жардам беребиз деген мекендештер көбөйө баштады. Биз Москвада жашаган Асел Лабаеванын атына эсеп ачтырып, акчалай жардам чогулта баштадык. Учурда 60 миң сомго жакындап калды. Ошондой эле жубайынын, иниси Курманбектин атына дагы эсеп ачылды. 20 саат уктабай иштегенинен акчага муктаж экендигин билсек болот. Чогулган акча жакындарына тапшырылат. Балким компенсация катары төлөөгө жардамы тийип калат. Москвада Толкунбай Чили Сай менен Асел Лабаева колдоо көрсөтүп, жардам чогултуп жатышат. Буга чейин дагы биз ооруган жарандарга, элдерден каражат чогултуп, жардам берип келгенбиз», - деди ал.

Кыргызстандын милициясы эмне дейт?

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Анарбек уулу Чыңгыз 1990-жылы Жалал-Абаддагы Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Ал буга чейин эч кандай кылмыш жоопкерчиликке тартылган эмес.

Ч.Анарбек уулу Кош-Дөбө айыл аймагынын Семет айылындагы Ш.Тойматов атындагы орто мектебинде 6-класска чейин билим алган. Бишкек шаарына 2003-жылы үй-бүлөсү менен көчүп кетип, 2013-жылы аксылык кызга үйлөнгөн. Учурда 2 кызы бар.

«Айдоочулук күбөлүктү Кочкор-Атадан алган. Жакын туугандарынын көпчүлүгү Бишкекте жашайт. Аялы да Россияда, 2 кызы чоң атасы менен чоң энесинин колунда. Алар Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда жашайт. Ч.Анарбек уулу буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында издөөдө болгон эмес жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Кошумча тактоо иштери жүрүп жатат», - деп айтылган ОИИБдин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 18-июнда жумушчу жолугушуу өткөрүп, Чыңгыз Анарбек уулуна тиешелүү жардамдарды көрсөтүүнү тапшырган. Ошондой эле окуядан жабыркагандарды Кыргызстанда саламаттыгын чыңдап, эс алууга чакырды. Эгерде бул сунушту кабыл алышса Кыргызстан баардык чыгымдарды каржылайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2446
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×