Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Жаңы Зеландиянын өкмөт башчысы кыз төрөп, декретке чыкмак болду

Turmush -  Жаңы Зеландиянын 37 жаштагы өкмөт башчысы Жасинда Ардерн 21-июнда кыз төрөдү. Ал бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу маалымдады.

Өкмөт башкы кызы жана анын атасы Кларк Гейфорд менен чогуу түшкөн сүрөттү жарыялады. Бул алардын биринчи кызы.

Би-би-синин маалыматына караганда, Жасинда Ардерн кызын кароо үчүн 6 жумалык эмгек өргүү алууну көздөп жатат.

Бул аралыкта өлкөнүн өкмөт башчысынын милдетин вице-премьер Уинстон Петерс аткарат. Ардерн документ иштери менен үйүндө иштөөгө убада берди.

New Zealand Herald басылмасынын маалыматына караганда, өлкөнүн өкмөт башчысы биринчи жолу апа болуп жаткандыгы жөнүндө маалымат жарандардын арасында чоң талкуу жаратты.

«Бул өтө чоң тарыхый учур. Жасинда Ардерн — өлкөнү башкарып жатып төрөгөн экинчи аял», - деп айтылат маалыматта.

Өлкөнү башкарып жатып төрөгөн биринчи аял Пакистандын өкмөт башчысы Беназир Бхутто болгон. Ал 1990-жылы кыз төрөгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1269
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×