Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Россияда кыргызстандык 2 мигрант каза болуп, биринин сөөгү мекенине жеткирилди

Turmush -  Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн кыргызстандык эки адам каза болду. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын төрагасынын орун басары Улан Кошматов билдирди.

Анын айтымында, Москва шаарында каза болгон Баткен облусунун тургуну А.уулу А.нын денеси Москва—Ош каттамындагы учак («Жүк-200») менен Кыргызстанга жеткирилди. 27 жаштагы жигит уктаган бойдон ойгонгон эмес.

Ошондой эле Россиянын Тула облусунда Чүй облусунун 1969-жылы туулган тургуну А.А. каза болуп, сөөгү Москва шаарына алынып келди. Бүгүн, 22-июнда сөөгү Москва—Бишкек каттамы боюнча жөнөтүлөрү күтүлүүдө. Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын боору ооруп жүргөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12757
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×