Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.06.2018 11:10 На русском

Бензин чачып, өрттөп жиберишкен: Россияда кыргызстандык келин каза болуп, 19 жаштагы жигит жаракат алды

Turmush -  Россиянын Шлиссельбург шаарында өрт кырсыктын кесепетинен кыргызстандык аял каза болуп, 19 жаштагы жигит жабыркады. Бул тууралуу 47news.ru басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, 24-июнда саат 02:30 чамасында Красный проспект көчөсүндөгү өрттөнүп жаткан соода күркөсүнөн сатуучу аялдын денеси табылган. Ошондой эле окуя болгон жерде жаракат алган 19 жаштагы жигит ооруканага жеткирилген. Ал дарыгерлерге күркөгө белгисиз адамдар кирип, бензин чачып өрттөп жиберишкенин билдирген. Андан кийин качып бара жатып каалганы сыртынан тиреп кетишкен.

ӨКМге өрт кырсык тууралуу маалымат саат 02:19да түшүп, саат 02:51де толугу менен өчүрүлгөн. Өрт тууралуу жергиликтүү тургун билдирген.

Соода күркөсүнүн ээси Кристина Прибыткованын айтымында, каза болгон кызды Гүлнара деп аташкан, ал 20 жашта болчу. Бирок анын үйүнөн табылган паспортто 1981-жылы туулганы жазылган. Бир айга жакын убакыттан бери сыноо мөөнөтүндө иштеп жаткан. Россияга Кыргызстандан келген. Түндө дүкөндүн ээсине телефон чалышып, дүкөн жабык турганын, ал эми ичиндеги витриналар талкаланып калганын айтышкан.

«Түндө саат 01:00 чамасында Гуляга чалдым. Ал күркөдө мас киши аны сабап салганын айтты. Ыйлап, "окуя эмне себептен болгонун кийинчерээк айтып берем" деген болчу», - деди К.Прибыткова.

Кыргызстандык келин күйөөсү кеткенден кийин дүкөндү бекитип, Кировскко жөнөп кеткен. Бирок дүкөндү жыйноо үчүн күйөөсүнүн тууганы менен (жаракат алган жигит) дүйкөнгө кайра кайтып келген. Ошондой эле аларга жардам берүүгө кыргызстандык кыз менен чогуу иштеген Наталья да келген. Ал дүкөн жыйналып бүткөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн.

«Ал Гуляны үйүнө чакырган. Бирок ал мейманканада түнөп калууну чечкен. Андан күйөөсүнүн телефон номурун сурасам, "ал мас абалда үйдө уктап жатса керек" деп жооп берди. Анын документтери өрттөнгөн дүкөндө болгон. Дүкөндүн терезесине темир торчо орнотулган эмес», - деп кошумчалады К.Прибыткова.

Ишкер аял тергөө бөлүмүндө сурак берди. Тергөөнүн маалыматына караганда, келиндин күйөөсүн кечээ, 24-июнда Киров көчөсүндөгү №4 үйдө кармашкан.

«Полиция аталган дарекке барганда ал адам мас абалда болгон. Анын сөзүнөн аялын кызганып, дайыма ур-токмокко алып келгенин байкоого болот. Өрттөөгө катышпаганын айтып жатат. Башка шектүүлөр азырынча жок. Болжолдуу маалыматтар боюнча, сатуучу кызга бат тутануучу суюктук чачылгандыктан дүкөндөн чыга албай калган. Азырынча жабыркаган жигиттин ролу белгисиз», - деп айтылат тергөөнүн маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×