Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 25.06.2018 11:40 На русском

Казак президенти Нурсултан Назарбаев жээн небересин турмушка узатты

Turmush -  Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин 18 жаштагы жээни турмушка чыгып, үйлөнүү той чоң салтанат менен белгиленди. Турмуш жолуна аттанган Венера Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевдин кызы.

Zakon.kz басылмасынын маалыматы боюнча, заманбап той Алмата шаарында 23-июнда өткөн. Ага түгөйлөрдүн жакындары жана достору менен бирге өлкө башчысы, анын жубайы күбө болуп, жаңы түптөлгөн үй-бүлөгө бакыт каалашты.

Күйөө бала — 22 жаштагы Дален Чайжунусов. Ал Алмата шаарында өсүп, Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинде жогорку билим алган. Учурда коммуникация жана искусство тармагында жогорку билим алып жаткан Венера Д.Назарбаеванын кайрымдуулук акцияларын уюштуруу иштерине катышып келген. Ал эми досторунун айтымында, түгөйлөр мындан 2 жыл мурун таанышкан.

Үйлөнүү тойдо казак элинин салттары сакталып, меймандар үчүн жайылган дасторконго европа ашканасынын элементтери менен кооздолгон казак ашканасынын тамактары коюлду. Ошондой эле жергиликтүү таланттар чыгармаларды тартуулап, чет өлкөлүктөрдөн Филипп Киркоровдун аткаруусундагы музыкалык чыгармалар жаңырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×