Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 26.06.2018 08:12 На русском

Өзбекстанда бычактан жаракат алган чемпион мушкер М.Хантураев кармалды

Turmush -  Ташкентте эрежесиз эр таймаш боюнча дүйнөнүн чемпиону Мурод Хантураев кармалды.

Ташкент ШИИБдин маалыматына караганда, мушкер бейбаштыкка айыпталууда. Аны менен чогуу дагы бир нече адам кармалып, тергөө иштери уланууда. ЖМКнын маалыматына караганда, Мурод Хантураев 20-июндан 21-июнга караган түнү коомдук жайдагы туура эмес жүрүм-туруму үчүн Юнусабад районундагы түнкү клубдун жанынан кармалган.

Андан мурда ЖМКлар аталган мушкер 20-июнда шаардагы ооруканалардын бирине көкүрөгүнө бычактан жаракат алып түшкөндүгүн кабарлашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×