Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 29.06.2018 17:08 На русском

Москвада кыргызстандык киши «сапатсыз кызмат» үчүн нигериялык сойкуну өз алдынча жазалаган

Turmush -  Россиянын Москва шаарында кыргызстандык киши «сапатсыз секс» көрсөткөн сойку аялды терезеден түртүп жиберди. Бул маалыматты «360» телеканалы таратты.

Маалыматта айтылгандай, эркек киши Москванын түндүк-чыгышындагы батирди бир күнгө ижарага алган. Көңүл ачууну каалаган мекендешибиз атайын кызмат көрсөткөн агенттик менен телефон аркылуу байланышып, кара терилүү сойку жөнөтүүнү суранган.

«Төшөк оюнунан кийин сойкунун кызматына ыраазы болбогон киши анын бутунан алып, терезеден ыргытып жиберген. Андан кийин агенттик менен кайрадан байланышып, акчасын кайтарып алуу же башка сойкунун кызматын пайдалануу мүмкүнчүлүгү тууралуу сураган», - деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

Ал эми тез жардам кызматын аял терезеден кулап кетти деген билдирүү менен чакырган. Дарыгерлер жабырлануучуну ооруканага жаткырып, ал нигериялык экени жана денесинен жаракат алганы белгилүү болду.

Кыргызстандык киши алгач полиция кызматкерлерин ал жуунучу жайда жүргөндө батирдеги аял терезен кулап кетти деп алдаганга аракет кылган. Учурда бул факты боюнча тактоо, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×