Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Баракелде

Бельгиянын курамасынын дарбазачысы анын футболкасын сураган кыргызстандык күйөрманды издеп жатат

Turmush -  Бельгиянын футбол боюнча курамасынын дарбазачысы Симон Миньоле кыргызстандык күйөрманды издеп жатат.

Бүгүн, 3-июлга караган түнү Ростов шаарында Бельгия менен Япониянын курамаларынын ортосунда 1/8 финалынын оюну өттү. Бул оюнга англиялык «Ливерпуль» клубунун формасын кийип, Кыргызстандын желегин жамынган футбол күйөрманы барган. Ал «Миньоле сенин футболкаңды алсам болобу?» деген жазуусу бар кагаз (плакат) көтөрүп алган.

Оюндан кийин Миньоле күйөрманды Twitter аркылуу издөөнү чечкен.

«Мага сиздерден жардам керек. Бул жигитти таба аласыздарбы?», - деп жазды футболчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2359
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×