Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 04.07.2018 10:56 На русском

Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурган террористтик топтун лидери Ошто жашап кеткен, - ЖМК

Turmush -  Россиянын тергөө комитети Санкт-Петербург шаарында метродогу жардыруу боюнча жаңы фигуранттарга айып такты. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы тергөөчүнүн Москва шаардык сотуна жасаган билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Тергөөчүнүн айтымында, жардырууну уюштурган террористтик уюм «Катиба Таухид валь-Джихад» деп аталат. Бул иш боюнча жалпы 11 адам айыпталып жатат. Алардын арасында жардырууну уюштургандар, буйрутма бергендер, аны аткаргандар жана көмөктөшкөндөр бар.

Би-би-синин Россиядагы кызматынын маалыматына караганда, «Катиба Таухид валь-Джихад» уюму 2014-жылы Сириянын аймагында пайда болгон. Анын лидери кыргызстандык Абу Салах (улуту боюнча уйгур) экени маалым болгон. Анын чыныгы ысымы Сирожиддин Мухтаров болушу мүмкүн. Ал 1990-жылы Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылында төрөлгөн.

С.Мухтаров 2000-жылдардын башында Сирияда теологиялык билим алган. Ал Кыргызстанга кайтып келип, Оштогу мечиттердин биринде имамдын жардамчысы болуп иштеген. 2012-жылы Сирияда «Катибат Имам аль-Бухари» тобуна кошулуп, анын тарапташтарынан «Катиба Таухид валь-Джихад» жамаатын түзгөн. Жаңы түзүлгөн топко Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары, ошондой эле Батыш Кытайдагы уйгурлар кошулган. Алар негизинен Кыргызстанда жана Өзбекстанда болуп, андан кийин Сириядагы согушка жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын атайын кызматы «Катиба Таухид валь-Джихадды» 2016-жылдын 30-августунда Бишкекте Кытайдын элчилигине жасалган чабуулга айыптап келет. Бул чабуулга айыпталган Мухтаровго эл аралык издөө жарыяланган.

Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелинде жардыруу болуп, 16 адам көз жумуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. Жанкечти метронун вагонунда бомба жардырган болчу. Тергөөчүлөр теракт жасаган адамдын түбү Кыргызстандан болгон Россиянын жараны Акбаржон Жалилов экенин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

04.04.2017Санкт-Петербургдагы терактка шектүү мурда Ош шаарында жашап кеткен (фото)
05.04.2017Видео - Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүүнүн үй-бүлөсү тууралуу коңшуларынын пикири
08.04.2017Фото - Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүү А.Джалиловдун Ошто жашап кеткен жердештери кармалды (8 адамдын аты-жөнү)
05.04.2017АКИ-TV: Оштун тургундары А.Жалиловдун Санкт-Петербургдагы метрону жардыруусу боюнча эмне дешет?
20.04.2017Фото - Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелген А.Азимовдун Жалал-Абаддагы кошуналары анын үй-бүлөсү тууралуу айтып беришти (толукталды)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×