Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 05.07.2018 15:00 На русском

Фоторепортаж — Ош облусунун делегациясы Өзбекстанда

Turmush -  Ош облусу менен Андижан облусунун жетекчилери жана райондордун акимдеринен турган топ Андижан шаарында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Алар алгач кездеме чыгаруучу ишкана менен таанышып, мөмө-жемиш кургатуучу, аларды кайра иштетүүчү ишкананы көрүп чыгышкан.

Жолугушуунун алкагында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов менен Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов эки тараптуу расмий жолугушуу өткөрдү. Мында эки элдин достугу, чек аралар ачылып, эки өлкөнүн жарандарына ыңгайлуу шарттар түзүлгөнү белгиленди. Ошондой эле алдыда соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну арттыруу, бул багытта ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү максатындагы долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Күндүн экинчи жарымында делегация бир катар медициналык каражаттарды, дары-дармек чыгарган ишканалардын абалы менен жакындан таанышкан. Ошондой эле сүт багытындагы уй, эчкилерди баккан фермердик чарбаны, балык баккан фермерлердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Өзбек бийлиги көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен калкты турак жай менен камсыз кылуу долбоорун колго алган. Бул багытта учурда Андижан облусунда 7 кабаттуу 20 үй курулуп жатат. Делегация өкүлдөрү курулуштун жүрүшү, калкка ипотекалык насыя берүү эрежелери тууралуу да пикир алышты.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында эки облустун ортосунда жер семирткичти кайра иштеп чыгаруучу ишканалардын фирмалык дүкөндөрүн айыл чарбасына ылайыктуу райондордо ачуу талкууланды. Андан сырткары ишкерлерди облус аймагына өз инвестициясын жумшоого чакырык ташташты. Ошондой эле эки тарап туризм, саламаттыкты сактоо, курулуш жаатында бирге кызматташууга кызыкдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×