Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 06.07.2018 16:30 На русском

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Астанада жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарынын 20 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Буга карата Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Астана шаарына бир күндүк иш сапар менен барды, деп билдирди басма сөз кызматы.

Анын алкагында С.Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте «Астана» эл аралык финансы борборуна барды. Бул борбор кечээ, 5-июлда расмий ачылган.

«Астана» эл аралык финансы борбору ЭКСПО-2017 дүйнөлүк көргөзмөгө колдонулган аймакта жайгашып, финансылык тейлөө эл аралык борбору, фондулук биржа жана эл аралык коммерциялык арбитражды өзүнө камтып, инвестицияларды алып келүү, капитал рыногун өнүктүрүү, активдерди башкаруу жана жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүү менен алектенет.

Астана шаарынын 20 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар салтанаттуу сый азем менен жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×