Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 07.07.2018 11:24 На русском

Түркмөнстанда бир вице-премьерден башка чиновниктерге эс алууга уруксат берилди

Turmush -  Түркмөнстандагы чиновниктерге эс алууга уруксат берилди. Бирок вице-премьер-министрлердин бири эс алуу планын жылдырууга мажбур.

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин кеңейтилген отурумунда президент Гурбангулы Бердымухамедов бийлик өкүлдөрүнө эс алууга уруксат бергенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Бирок агрардык өнөр жай тармагын жетектеген вице-премьер Эсенмырат Оразгелдиев пахта жыйноо иштерине байланыштуу иштеши керек экени айтылган.

«Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы жалпысынан канааттандырарлык болгондуктан 9-июлдан тарта 23-июлга чейин эс алууга уруксат берем», - деген өлкө башчы.

Ал эми Эсенмырат Оразгелдиевге өзү жетектеген тармактагы жетекчилер менен кеңешип, өзү чечим кабыл алуусу керектигин айткан.

Өлкөдө пахта жыйноо мезгили расмий түрдө октябрь айынын аяк жагында жыйынтыкталышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×