Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 10.07.2018 11:19 На русском

«Жебей-ичпей иштеп, үй курдум»: Түркиядагы кыргыз кыз-келиндердин жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Учурда Түркия мамлекетинде иштеп жүргөн жарандардын арасында кыргызстандыктар да бар. Аталган өлкөнүн Анталия шаарында эмгектенип жаткан кыргыз кыз-келиндердин айрымдары менен аймактык кабарчы таанышты.

50 жаштагы Жаңыл Тукушева Чүй облусунун Кант шаарынын тургуну. Эки жылдан бери Анталия шаарында оорукчан карыяны карайт.

«Буга чейин Россияда иштегем, бирок акчам топтолбой койду. Жалгыз эки уулумду үй-жайлуу кылам деп бул жакка келдим. Анталияга келгенден бери эле төшөккө жатып калган, атайын каражаттын жардамы менен дем алган адамдарды карадым. БАС деген оору бар. Бул оору менен жабыркаган адамдын бүт органдары иштен чыгып, жатып калат. Мындай оору менен көбүнчө спортчулар ооруйт. Учурда альцгеймер оорусу менен ооруган 85 жаштагы карыяны карап жатам. Анын 54 жаштагы акыл-эси кем уулу да бар. Карыяны улам ажатканага алып барып турбаса, жаткан жеринде заара ушатып коет. Анын жалаягын жууйм. Түнү ар эки саатта туруп карап турам», - деди ал.

Ж.Тукушева Түркияга тил билбей баргандыктан алгач кыйналып ыйлаганын айтат.

«Алгач арабдар менен иштештим. Алар жакшы мамиле жасап жатканы менен мен оюмду жеткире албай, ыйлап жиберчүмүн. Телефон алып, котормо тиркемесин жүктөгөн соң кыйналбай калдым. Доллар көтөрүлсө ыйлап, түшсө айлыгыбыз жогорулайт деп кубанабыз. Менин жашым уулу болгондуктанбы түрк эркектеринен сый эле көрөм. Эч ким тийишкен жок. Бир жолу эс алуу күнүбүздө деңизге барып, кыргыз кыз-келиндер жолугуп сүрөткө түшүп, социалдык түйүндөгү баракчаларыбызга жүктөп койсок, "бузулуп кетти" деп чыгышты. Жебей-ичпей, кошумча бут кийим токуп сатып, акча топтоп, жер сатып алдым. Ошондогу кубанычымды сөз менен жеткире албайм. Сүйүнгөнүмдөн тааныштарымдын баарына чалып сүйүнчүлөгөм. Жетишкендигим катары жер алып, үй салганымды эсептейм. Кыргызстандагы айлык эч нерсеге жетчү эмес. Бизди "бузулуп кетти" дегендер менин казаныма аш салып бербейт» - деди Ж.Тукушева.

4 айдан соң Кыргызстанга кайта турганын айткан мекендешибиз түрк эркектеринин аялдарга болгон сый-урматы жогору экенин белгилеп: «Түркияда кыргыздардай келин кызмат кылышы керек деген түшүнүк жок. Кыз-келиндери бөлөк жашашып, кызматкерлерди жалдап коюшат. Көчөдө да кыргыз аялдарына сый мамиле жасашат», - деп кошумчалады.

Ал эми Кара-Көл шаарынын 22 жаштагы тургуну Аида 3 жаштагы уулун апасына таштап, эжелеринин чакыруусу менен Анталияга барган. Кесиби ашпозчу болгону менен учурда 3 жаштагы баланы карап жатат. Баласына үй куруп жаткан Аида өзүнүн баласын таштап, бирөөнүн баласын багып жатканына ичи ачышканын айтат.

«Баламды апама таштап келип, акча топтоп, үй салып жатам. Өзүмдүн баламдын эмес, башка баланын шымын жууганыма ичим ачышат. Мен жашаган үйдүн ээлери абдан жакшы адамдар. "Баламды көп эркелетпе" деп айтышат. Бала кароодон сырткары үй жумуштарын да жасайм. Жума сайын терезелерди тазалап, килемдерди жууйбуз. Эс алууга чыкканда жолдон түрк эркектери тийишип калса, дароо кыргыз жигиттерге чалабыз. Биз менен чогуу шаар кыдырып, үйгө жеткирип коюшат. Кыргыз балдар мейманканаларда официант болуп иштешет. Алар дайыма бизге "бүт кыргыздардын атын булгабай жөн жүргүлө" деп эскертишет. Түрк эркектери аял жандуу келишет», - деди ал.

Аида башка адамдарга кайсы өлкөдө иштеп жатканын айтпайт.

«Социалдык тармактарда Түркияда жүргөн кыздар "бузулуп кетти" деген сөздөрдү укканда баарыбыз ыйлап, бири-бирибизге жазабыз. Андай кыздар жок дебейм. Бирок бири-бирин сүйүп, турмуш куруп, жакшы жашап жаткандар да бар. Бир эле Түркияда эмес, башка өлкөдө деле ойноп жүргөн кыз-келиндер бар деп ойлойм. Сойкулар үчүн биз жооптуу эмеспиз», - деди Аида.

Түрккө эмес, кыргыз жигитине да турмушка чыккысы келбегенин айткан Аида: «Бирок Кыргызстанда жашагым келет. Мен үчүн негизгиси — баламдын жанында болуу. Балама куруп жаткан үйдү бүтүрсөм мекениме кайтам», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×