Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 22.09.2018 01:06 На русском

446 млн долларлык үй: Гонконгдо дүйнөдөгү эң кымбат үй сатыкка чыгарылды (сүрөт)

Turmush -  Дүйнөдөгү эң кымбат үй Гонконг шаарында жайгашкан, ал 446 млн долларга бааланат, деп жазды Bloomberg басылмасы.

Аталган үйдөгү уктоочу бөлмө 16,3 миң чарчы метрди, ал эми унаа токтоочу жай жана бассейн 15 сотых жерди ээлейт. Муну менен катар үй Гонконгдогу эң жакшы райондордун бири — Виктория чокусунда жайгашкан.

«Анын баасы үй жайгашкан жерге жараша коюлган. Үй эски, эгер ага ушунча акча төлөөгө даяр болушса анда ал бузулуп, ордуна башка үй курулушу мүмкүн», - деди Executive Homes Hong Kong Ltd кыймылсыз мүлк агеттигинин башкы кеңешчиси Лоуренс Браун.

Басылманын маалыматы боюнча, буга чейин ушул эле аймактагы чоң үй 255 млн долларга сатылып, рекорд койгон. Ал эми учурдагы эң кымбат үй сатыкка чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×