Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 24.09.2018 08:45 На русском

Сеулдагы учактын ичинде чуу чыгарган министрдин орун басары Сооронбай Жээнбековдун жээни эмес, - Президенттик аппарат

Turmush -  Сеулдагы учактын ичинде ызы-чуу чыгарган министрдин орун басары президент Сооронбай Жээнбековдун жээни эмес. «Ал айым Кыргыз Республикасынын президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз», - деп билдирди басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева.

Анын айтымында, президент бул окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине тактоо тапшырмасын берген.

Сөз 2015-жылдан бери социалдык өнүктүрүү жана эмгек министринин орун басары кызматын аркалап жаткан Каденова Зууракан Ажимаматовна тууралуу болуп жатат. Ал 22-сентябрда Сеул—Алмата каттамындагы учакты токтотууга себеп болгондон кийин ээлеген кызматынан дароо бошотулду.

З.Каденова

Бул окуя Жогорку Кеңештин депутаты социалдык тармактагы баракчасына жарыялагандан кийин коомго белгилүү болгон. Анда: «Сеул—Алмата каттамындагы учактын бардык жүргүнчүлөрүн биздин министрликтердин биринин жогорку кызматында иштеген, катуу мас абалдагы бир адамды 1,5 саат чыгара албай коюшкандыктан улам учурбай коюшту. Жазгым келген эмес, бирок азыр бизге бүгүн такыр учпай калышыбыз мүмкүн экенин айтышты. Жалаң чет элдиктер... Шерменде!», - деп жазган.

Мунун кесепетинен бул учактагы жүргүнчүлөр бир нече сааттан кийин учуп чыгышты. Ал эми З.Каденованы авиакомпания кара тизмеге киргизип, башка авиакомпаниядан билет издеп жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×