Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 24.09.2018 10:18

Бекболот Мырзаназар уулу эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду ээледи

Turmush -  Кыргызстандык балбан Бекболот Мырзаназар уулу эркин күрөш боюнча өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду ээледи.

Чемпионат Словакиянын Трнава шаарында өтүп жатат. Кыргыз балбаны 21-сентябрда 51 кг салмактагылар арасында таймашка чыгып, индиялык балбанга утулуп калды. Андан кийинки күч сынашууда грузиялык балбан Гога Дзигуаны утуп, коло медаль үчүн мелдешүүгө мүмкүнчүлүк алды. 3-орун үчүн болгон таймашта америкалык Дэйтон Дуаин Фикс менен таймашып, бирок утулуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×