Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 24.09.2018 12:32 На русском

Алмата менен Улан-Батор дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын катарына кирди

Turmush -  Казакстандын Алмата шаары менен Моңголиянын Улан-Батор шаары постсоветтик аймактагы эң кооптуу шаарлар деп табылды. Бул тууралуу Numbeo сервиси маалымдады.

Маалыматка караганда, эң криминалдуу шаарлардын рейтингине дүйнөдөгү 327 шаар кирди. Рейтинг шаардагы жасалган кылмыштардын статистикасынын негизинде түзүлөт. Тизмеде 1-орунду Гондурасстын Сан-Педро-Сула, 2-орунду Венесуэланын Каракас шаары, 3-орунду Папуа — Новой Гвинеянын Порт-Морсби шаары ээлеген.

Казакстандын Алмата шаары (112-орун) менен Моңголиянын Улан-Батор (56-орун) шаары постсоветтик аймактагы эң кооптуу шаарлар деп табылды. Борбор Азиянын башка шаарлары тизмеге кирген жок.

Рейтингдеги эң акыркы орундарды Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаары, Катардын Доха шаары, Швейцариянын Базель шаарлары ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×