Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2018 08:02

Лука Модрич 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды

Turmush -  «Реал Мадрид» футбол клубунун жана Хорватиянын жарым коргоочусу Лука Модрич ФИФАнын версиясы боюнча 2018-жылдагы мыкты футболчу деп табылды.

Мыктыларды аныктоо боюнча уюштурулган FIFA Best 2018 иш-чарасы 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү Лондон шаарында өттү. «Жылдын мыкты оюнчусу» наамына 10 футболчу талапкер болгон. Финалдык үчилтикке Лука Модрич, Криштиану Роналду жана Мохамед Салах кирген. Мыкты оюнчуну курама командалардын капитандары жана башкы машыктыруучулары аныктады. Лука Модрич 29,05% добуш алып, 1-орунду ээлесе, Роналду 19,08% добуш менен 2-орунду, Салах 11,23% добуш менен 3-орунду алды.

Лука Модрич мурда да УЕФА версиясы боюнча Роналду менен Салахты жеңип, «Европанын мыкты оюнчусу» деп табылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×