Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2018 11:52 На русском

Путин Түркмөнстандын президентинин маркум чоң атасын «Эрдиги үчүн» медалы менен сыйлады

Turmush -  Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун маркум чоң атасы Бердымухамед Аннаевди Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн «Эрдиги үчүн» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу түркмөн президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ыйгарылган сыйлыкты президентке Россиянын Түркмөнстандагы элчиси Александр Блохин тапшырды. В.Путин президенттин чоң атасын мекенди коргоодогу эр жүрөктүүлүгү жана эрдиктери үчүн сыйлоо жөнүндөгү жарлык чыгарган. Бердымухамедов сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, аны Түркмөнстандын Коргоо министрлигинин музейине өткөрүп берди.

Бердымухамед Аннаев Түркмөнстандын Ызгант айылында төрөлгөн. Айылда мугалим болуп иштеген. Согуш учурунда №748 аткычтар полкунун катарында душманга каршы күрөшкөн. Майдандан 2-топтогу майып болуп кайтып келгенден кийин мектепте иштеген.

1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөө учурунда каза болуп, 2009-жылы 1-сентябрда Ызгант айылында анын эстелиги тургузулган. Иш-чарага өзүнүн баласы, президенттин атасы Мяликгулы Бердымухамедов катышкан болчу. 2012-жылы Түркмөнстандын драма театры президент Гурбангулы Бердымухамедовдун чоң атасы жөнүндө жазган китебинин негизинде спектакль койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×