Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2018 21:36 Жаңыланды: 25.09.2018 21:36 На русском

60 жаштагы Мамасалы Ташматов Россиядагы марафондо 42 км аралыкты чуркап өттү (сүрөт)

Turmush -  Россиянын борбору Москва шаарында 42 км 195 метр аралыкка чуркоо боюнча марафонго Ош шаарынын тургуну Мамасалы Ташматов да катышты. Ал маарага 4 саат 17 мүнөттө жеткен.

Бул марафонго 90дон ашык өлкөдөн чогулган 1 миңге жакын жөө күлүк катышты.

Социалдык баракчалары аркылуу адамдарды чуркоого үгүттөп жүргөн Мирбек Маматкасым уулунун айтымында, Мамасалы Ташматов учурда 60 жашта. Жашына карабастан марафондо жакшы натыйжа көрсөтө алган.

«Москва шаарында 23-сентябрь күнү «Марафон абсолют» деп аталган марафондо Ташматов 4 саат 17 мүнөттө келди. Мындай көрсөткүч анын жаш курагы үчүн абдан жакшы көрсөткүч болуп эсептелет», - деди М.Маматкасым уулу.

60 жаштагы Мамасалы Ташматов буга чейин Ысык-Көлдө өткөн марафондо маарага 4 саат 30 мүнөттө келген болчу. Ал эми Москвадагы натыйжасы Ысык-Көлдөгү жыйынтыкка караганда жогору болуп саналат.

Буга чейин Мирбек Маматкасым уулу менен Мамасалы Ташматов Turmush басылмасына чуркоо алардын ден соолугуна кандай таасир көрсөткөнүн айтып беришкен. Мамасалы Ташматов чуркоо менен бел омурткасындагы оорулардан арылганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×