Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 25.09.2018 19:08

Кыргызстан, Россия жана Түркия Нью-Йоркто Ч.Айтматовдун сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, аны С.Жээнбеков ачты. Сүрөттөр

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Д.Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фото көргөзмөнү ачты. Бул көргөзмөнү Кыргызстан, Россия жана Түркия бирге уюштурду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

БУУ башкы катчысынын глобалдык коммуникация боюнча орун басары Элисон Смейл өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов чыгармаларында дайыма өз Мекени тууралуу айтып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытканын баса белгиледи. Ал адамзаттын фундаменталдык маселелери, улуттук маданиятты урматтоо жана табияттын деградацияланышынын адамдардын турмушуна тийгизген таасири жөнүндө ой жүгүрткөн.

«Бул маселелер Бириккен Улуттар Уюмунда 3 жыл мурда кабыл алынган Туруктуу өнүктүрүүнүн негизги Максаттары болуп саналат. Чыңгыз Айтматовдун „Дүйнөдө болуп жаткандардын баары — жеке мага тиешелүү“ деген сөзүн алардын маанилүү экенин чечмелөө үчүн пайдаланса болот. Дал ушул цитата БУУ дүйнөгө таратууга аракеттенип жаткан билдирүү катары пайдалансак болот», - деп билдирди БУУ баш катчысынын орун басары.

Ал климаттын өзгөрүшү, миграция, терроризм жана жардылык сыяктуу чек араны билбеген чакырыктарга туруштук берүү үчүн дүйнө өлкөлөрү бирге иштеп, бири-бирине камкордук көрүшү жана жардам бериши керек экенин белгиледи.

«Бул эң сонун көргөзмөнү көптөгөн адамдар көрүп, анын сөздөрүн окуп, жазуучунун мекенинин тарыхын тереңирээк билүүгө умтулушат деп үмүттөнөм», - деген Элисон Смейл Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу иш-чарага катышуу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин бул иш-чара өткөн менен азыркыны байланыштырып турганы менен өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

«Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бул турмушта эмнелер болуп жатканы жөнүндө ойлонгусу, аны түшүнгүсү келген адамдардын столунда дайыма болот. Көптөгөн советтик адамдар үчүн жазуучунун чыгармачылыгы кандай чоң мааниге ээ болгонун мен айтып жеткире албайм. Алар эч кайда кеткен жок, алар Чынгыз Айтматов менен бирге бизди бириктиген руханий пайдубал болуп калышты. Азыр, дүйнөдө конфессиялар аралык, этностор аралык проблемалар жана карама-каршылыктар көбөйүп жаткан кезде, Чынгыз Айтматов жасагандар, ал чыгармаларында жазгандар биздин бирге жашай аларыбызды жана бирге жашоого тийиш экенибизди далилдеш үчүн керек. Айтматов жазган китептер китепканаларда гана эмес, ар бирибиздин жүрөгүбүздө калды жана достукту, урматтоону жана маданияттардын өз ара сиңимдүүлүгүн сактоого чакырат. Жүздөгөн жылдар бою биздин элдерибиз дал ушул касиети менен дайыма айырмаланып келген», - деп белгиледи Сергей Вершинин.

Түркия президентинин кеңешчиси Ибрагим Калын өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовду дүйнөлүк адабияттагы эң маанилүү фигуралардын бири деп атады.

«Талаа турмушун андан так эч ким сүрөттөй алган эмес. Дал ошондуктан анын эмгектери дүйнөнүн 170 тилине которулган. Адабияттан тышкары, Айтматов 20 жылдык димломаттык карьерасында да чоң бийиктиктерге жетишкен. Биз Түркияда өткөн эл аралык иш-чараларда анын даанышман ойчулдугуна далай жолу күбө болгонбуз», - деп белгиледи Түркия президентинин кеңешчиси.

Ал иш-чаранын уюштуруучуларына жана Кыргызстандын президентине ушул сыяктуу иш-чараларды колдоого алып, илгерилетүүгө умтулганы үчүн ыраазычылык билдирди жана Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын тапшырмасы боюнча көргөзмөгө Түркиянын китепканаларынан Чыңгыз Айтматовдун китептери жиберилгенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу-классиктин, көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин, дипломаттын, кыргыз элинин улуу уулунун 90 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышкандарга, ошондой эле бул сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга баа жеткис жардам беришкен россиялык жана түркиялык досторго чын ниеттен ыраазычылык билдирди.

«Биз — кыргызстандыктар, бул иш чаранын Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында өтүп жатканына чын жүрөктөн кубанычтабыз. Чыңгыз Айтматов доорубуздун классик жазуучусу, ойчулу жана даанышманы катары дүйнɵлүк деңгээлдеги инсан. Ал дүйнөнүн бардык элдеринин тилдеринде жашап жатат», - деп белгиледи мамлекет башчысы. Ал ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов бүгүн чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик деп таанылганын эске салды. Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Бул цифралар күн санап өсүүдө.

«Айтматов өз чыгармаларында ойдун жана рухтун эркиндигин даңазалап, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы келишкис күрөштү чагылдырат. Жакшылыктын, адилеттиктин жана гуманизмдин идеалдарын даңазалаган анын чыгармалары көптөгөн өлкөлөрдүн окурмандарынын жана ар кыл муундардын жүрөгүнө жол тапты. Доорубуздун көрүнүктүү гуманисти катары ал адилеттик үчүн күрөшкөндөрдү, адамдык парасаты бийик адамдарды даңктайт», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал жазуучунун «Жамийла» повести атактуу француз жазуучусу Луи Арагондун жогорку баасына татыганын эске салды. А бул чыгарманы сүйүү жөнүндө эң сонун баян деп атаган. Повесть ондогон тилдерге которулду. Мисалы, немис тилинде гана 37 жолу кайра басылып чыкты.

«Анын чыгармачылык мурасы дүйнөлүк адабияттын эң мыкты үлгүлөрүнүн бири. Дүйнөлүк адабият таануу илиминде „Айтматов таануу“ деп аталган өзүнчө бир багыт түптөлдү.

Чыңгыз Айтматов тынчтыкты бекемдөөгө, эл аралык мамилелерди гуманизациялоо жана өнүктүрүүгө активдүү катышты. Ал Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлдеги татыктуу өкүлү болчу.

Залкар жазуучу ата мекендик дипломатиянын тарыхында да өчпөс из калтырды. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Айтматов бир эле мезгилде үч мамлекеттин — СССРдин жана Россия Федерациясынын Люксембургдагы, Кыргыз Республикасыныни в Бельгиядагы элчиси болгон.
Кийинки жылдары ал биздин өлкөнүн Бельгиядагы дипломатиялык миссиясын башкаруу менен бирге биздин Нидерланддагы, Люксембургдагы жана Франциядагы Элчиси болду. Кыргызстан парламентинин депутаты болду.

Айтматовдун өз тегерегине көрүнүктүү интеллектуалдарды чогулта алган сейрек кездешүүчү сапаты бар болчу. 1986-жылы ал кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгине дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү интеллектуалдарды конокко чакырган. Ошол мезгилдин алдыңкы адамдарынан болгон бул инсандар ХХ жана ХХI кылымдардын реалдуулугу болуп эсептелген орчундуу проблемаларды талкуулашкан. Биздин атактуу жердешибиз Айтматов баштаган ишти улантып, биз октябрь айынын башында Бишкекте жана Чолпон-Атада „Ысык-Көл форумунун“ кезектеги жыйынын өткөрөбүз», - деп билдирди Кыргызстандын президенти.

«Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө жүзү биздин элибизди тааныды. Ал дүйнөлүк адабиятка өз Мекенинин — Кыргызстандын образын сиңирип, аны адамзаттын руханий энчиси кылды. Жер жүзүндө кыргыз эли, биздин мамлекетибиз — Кыргыз Республикасы, адамзат жана сөз бар болсо, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашайт! Ал тирүүсүндө өзүнө эстелик куруп кетти. Ал айкөл, улуу адам болчу!», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

БУУ китепканасына мамлекет башчысы 200 китептен турган чыгармалар жыйнактарын, жазуучунун колодон жасалган статуясын жана анын «Кыямат» чыгармасынын каармандары — карышкырлар Ташчайнар менен Акбаранын статуяларын белек кылды.

Китепкананын директору Танос Жианокополос улуу жазуучу, гуманист жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп, анын чыгармачылыгы жөнүндө эскерүү үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди. Танос Жианокополос Чыңгыз Айтматовдун бир катар чыгармаларын грек тилине которгон.

Көргөзмөнүн ачылышына БУУнун башкы катчысынын глобалдык коммуникация боюнча орун басары Элисон Смейл, Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, БУУнун башкы катчысынын орун басары Владимир Воронков, Түркия президентинин кеңешчиси Ибрагим Калын, Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов, БУУ Башкы катчысынын жардамчысы Мирослав Енча, Венгриянын мамлекеттик катчысы жана мамкатчынын орун басары Питер Сзтарай, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн башчылары, ошондой эле Нью-Йорк шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана АКШда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттер катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков көргөзмө ачылар алдында кыргызстандыктар менен маектешип, чогуу сүрөткө да түштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×