Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 26.09.2018 16:55

Президент Сооронбай Жээнбековдун Нью-Йорк шаарындагы иш сапарынын жыйынтыгы сүрөттөрдө

Turmush -  Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 24-26-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында иш сапары менен менен болду.

Анын алкагында мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышып, жубайы менен АКШнын президенти Дональд Трамптын БУУнун делегация башчыларынын урматына уюштурган расмий кабыл алуусунда болду, деп билдирди басма сөз кызматы.

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү да ачкан. Фотокөргөзмөдө БУУнун китепканасында мындай иш-чара биринчи жолу өткөрүлүп жатканы белгиленди.

Китепканада С.Жээнбеков Нью-Йорктогу кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушту.
Ошондой эле 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен каза тапкан адамдарды эскерүү үчүн орнотулган «11-сентябрь» улуттук мемориалына гүл койду.

Мамлекет башчысы визиттин жүрүшүндө БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде болуп, анын кызматкерлеринин иш шарттары менен таанышты.

Видео — Президент С.Жээнбековдун Нью-Йоркто БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×