Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 28.09.2018 09:43

Видео — Кыргызстандык адам Стамбулдагы аэропортто 2-кабаттан секирип кетти

Turmush -  Түркиянын Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропортунда кыргыз улутундагы адам экинчи кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматы боюнча, тепкичке чыгып, боюн таштаганы жаткан кыргызстандык кишини экинчи адам артка кайтууга көндүрүүгө аракет кылган. Бирок бул аракеттен оң жыйынтык чыкпай, ал тепкичтердин ортосундагы бош жерге боюн таштаган. Өз өмүрүнө кол салган адам эки кабат төмөндөгү бетон төшөлгөн жерге кулап түшкөн.

Окуя болгон жерге дарыгерлер барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жабырлануучу тез жардам унаасы менен ооруканалардын бирине жеткирилген. Ал эми полиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, дарыгерлердин аракетине карабай жабырлануучу ооруканада көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×