Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 28.09.2018 10:33 На русском

Тажикстанда чогулган президенттердин достук кечесиндеги сейилдөө. Сүрөттөр

Turmush -  Тажикстанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага чогулган президенттер, делегациялардын жетекчилери үчүн 27-сентябрда кечинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон достук кечесин уюштурган.

Расмий маалыматтар боюнча, бул кечеге Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев, Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон, Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ардактуу конок болушту.

С.Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 27-сентябрда Бишкектен учуп кеткен.

Достук кечесиндеги сүрөттөр:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×