Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 28.09.2018 11:08 Жаңыланды: 28.09.2018 11:40

27 жашында «Ирак сулуусу» болгон Тара Фарести өлтүрүп кетишти

Turmush -  Ирактын Багдад шаарында унаанын ичинен ок тийип каза болгон жаш кыздын денеси кечээ, 27-сентябрда табылган. Анын өздүгү такталгандан кийин 2015-жылы «Ирак сулуусу» наамын жеңип алган 30 жаштагы Тара Фарес экени маалым болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, анын башына 2 жолу, көкүрөгүнө 1 жолу ок атылган. Учурда Ирактын милициясы кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам иштер жүрүп жатканын жарыялады. Айрым маалыматтар боюнча, жансыз денеси табылган унаа маркумдун өзүнө таандык болгон.

Тара Фарес көп жыл үзгүлтүккө учурагандан кийин уюштурулган «Ирак сулуусу - 2015» сынагында жеңүүчү аталып, андан соң Европага көчүп кеткен. Бирок кайра өз өлкөсүнө кайткан болчу. Ал ирандыктардын коомчулугуна өөн учураган ачык сүрөттөрүн социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыялап турганы менен таанымал болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×