Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 29.09.2018 11:27

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин саммитинин жыйынтыгы (сүрөттөр)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 27-28-сентябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында иш сапары менен болуп, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Өлкө башчы 27-сентябрда Душанбе шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

28-сентябрда Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар жана кеңири курамдагы жыйынына катышты. Саммиттин жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду.

Саммитке катышуунун алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташуунун келечеги тууралуу маселелер талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×