Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 01.10.2018 10:25 На русском

Фото — Индонезияда 800 адам каза болгон жер титирөөнүн кесепеттери

Turmush -  Индонезияда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөөдөн улам жаралган цунамиден 832 адам каза болду. Бул тууралуу Би-би-си билдирди.

Маалыматка караганда, Сулавеси провинциясынын Палу шаарындагы толкундун бийиктиги 3 метрге чейин жетти.

Кызыл Айкаш Коомунун маалыматына караганда, кырсык болгон аймакта 1,6 млн адам жашайт. Жер титирөөлөрдүн кесепетинен миңдеген имараттар урап түштү. Куткаруучулар урандылардын арасынан адамдарды таап чыгууга аракет кылып жатышат. Шаарда электр энергиясы өчүп, керектүү техникалар жок болуп жатат. Палуга алып барчу негизги жол жер көчкү менен тосулуп, көпүрө да урап түштү. Шаардын аэропорту жабык турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×