Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 01.10.2018 16:02 На русском

Тажикстандагы унаа кырсыктан кыргыз үй-бүлөдөн 7 адам каза тапты

Turmush -  Кечээ, 30-сентябрда Тажикстандын Лахш (мурдагы Жерге-Тал) районундагы унаа кырсыктан бир үй-бүлөдөн 7 адам каза болуп, дагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Озоди радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык саат 22:10 чамасында райондун Вахдат аймагында катталган. Аталган адамдар этникалык кыргыздар болчу. Милиция кызматкерлери каза болгондор Шараповдордун үй-бүлөсү экедигин билдиришкен. Алар картошка казып, жүк ташуучу унаа менен кайтып келе жатышкан учурда кырсыкка кабылышкан. Айдоочу Сунатулло Юсупов башкарууну жоготуп, унаа жардан ылдый кулап кеткен. Анын кесепетинен 4 жаштан 45 жашка чейинки Темурбой, Садриддин, Гүлзира, Рухшона, Вазира жана Нурмат Шараповдор каза болушту. Дагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен экөө өтө оор абалда.

Тажикстандын Лахш (мурдагы Жерге-Тал) району өлкөнүн Душанбе шаарынан 250 км алыста жайгашкан. Райондо 61 миңге жакын адам жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×